>

«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Сүрбыштак

Сүрбыштак – бул сүттү уютуу же эритүү азыгы. Адам жараткан байыркы накта азыктарга кирет. Бүгүнкү күндө дүйнөдө сүрбыштактын 500дөн ашык түрү жана 2000ден ашык сорту бар! Ошондуктан дүйнөлүк сүрбыштак жасоо ишинде даярдоо ыкмасы, даамы, текстурасы, формасы, майдын курамы, сүттүн түрү, кабыгы боюнча сүрбыштактардын көптөгөн жиктемеси бар.

Диеталык көз караштан алганда сүрбыштак уникалдуу продукт болуп саналат. Калориялуулугу боюнча ал эттен дагы жогору турат жана бардык куракта тең салмактуу азыктануу үчүн керек. Ар кандай сорттогу сүрбыштакты салаттарга, ундан жсалган кондитер азыктарына кошушат, ошондой эле шарап менен ассорти түрүндө беришет.

Жаңы сүрбыштактар

фета

рикотта

моцарелла

маскарпоне

Даамы боюнча быштакты элестетет жана назик консистенциясы менен айырмаланат. Алар жакшы сиңет, ошондуктан аларды диеталык азык деп эсептешет. Кулинарияда аларды – салаттар, жеңил тамактар, десерттер үчүн кеңири колдонушат.

Бышырылбаган пресстелген сүрбыштактар

эдамер

гауда

канталь

реблошон

Эдамер, гауда, чеддер, канталь, пекорино, реблошон, мимолет, ошондой эле «Российский», «Пошехонский», «Костромской». Бул сүрбыштактардын артыкчылыктуу өзгөчөлүктөрүнө катуу кабыгы, назик сүрбыштак массасы, жеңил жаңгак-жыттуу даамы жана сүрбыштактын бышуусуна жараша күчөй турган өзгөчө жыты кирет.

Бышырылган пресстелген сүрбыштактар

эмменталь

грюйер

пармезан

бофор

Көбүнчө тешиктери бар ачык түстүү кабыкка жана агыш-сары түстөгү сүрбыштак массасына ээ болот. Эмменталь, пармезан, грюйер, конте, бофор жемиш даамы бар сүт-шоколад жыты менен айырмаланат. Жайкы сүттөн жасалган сүрбыштактар кыйла жыттуу, ал эми кышкы сүттөн жасалганы – даамы жагынан жумшак.

Четтери жуулган жумшак сүрбыштактар

ливаро

маруаль

мюнстер

лимбургский

Кызыл даттуу же чүйгүн даамдуу сүрбыштактар катары дагы белгилүү. Сүрыштак массасы консистенциясы боюнча көбүнчө сары жана жумшак. Эпуасс, маруаль, ливаро, мюнстер, Лимбургский өзгөчөлүү даамга жана жытка ээ болот. Алардын бети – жылмакай жана жылтырак, ал эми кабыгынын түсү – сарыдан тартып саргылт-кызылга чейин.

Көгөргөн көк сүрбыштактар

рокфор

горгонзола

даниш блу

бле д’овернь

Рокфор, горгонзола, данаблу, фурм д’амбер, бле д’овернь, бле де кос, бле де брес. Бул сүрбыштактардын артыкчылыктуу өзгөчөлүгү – жумшак сүрбыштак массасында жашыл-көк даттын тактарынын болушу. Ошондуктан сүрбыштактын ачуу, эч нерсе менен салыштырууга болбой турган даамы бар.

Эчкинин жана койдун сүтүнөн жасалган сүрбыштактар

сент-мор

кроттен де шавиньоль

шевр

шабишу дю пуато

Ак же боз түскө жана өзгөчө мүнөздүү даамга ээ (жемиш даамынан тартып өтө ачуу даамга чейин, жаңгак кошумча даамы бар). Алар жаңы быштактуу жана ак кабыгы менен жумшак жана пресстелген болушу мүмкүн. Аларга сент-мор, кроттен де шавиньоль, шевр, шабишу дю пуато сүрбыштактары кирет.

Ышталган сүрбыштактар

ышталган моцарелла

ышталган рикотта

проволоне

скаморца

Катуу сүрбыштактарга кирет, алардан даярдоо ыкмасы жана даамы менен айырмаланат. Ышталган эриме сүрбыштак «колбаса сүрбыштагы» деп аталат. Бул түрдүн эң белгилүү өкүлдөрү – ышталган грюер, ышталган гауда, ышталган чеддер, проволоне жана скаморца.

Көк дат кабыгы менен жумшак сүрбыштактар

бри

камамбер

Агыш-сары түстө болуп акма сүрбыштак массасына ээ болот. Көбүнчө бри жана камамбер тегерек, сүйрү же квадрат формада кездешет. Анык Камамбер сүрбыштагын узак сактоого болбойт, ошондуктан аны бир аз быша электе сатышат. Даамы козу карындан жемиш даамына чейин болот.