>

«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Балык

Балык жана балык азыктары адамдын тамактануусунда маанилүү ролду ойнойт. Балыктын ар кандай түрлөрү дээрлик бирдей өлчөмдө белоктуу камтыйт, ал эми майдын курамы салмактын 0,1% тартып 33% чейин болушу мүмкүн. Балык йод, фосфор, фтор, кальций, жезге бай, калориясы төмөн жана организм тез сиңирет. Эң пайдалуу балык деп треска, оңой сиңүүчү – ак эти бар балык, ал эми эң азыктуусу – кызыл балык эсептелет: белуга, осетр, севрюга, стерлядь. Балыктан жасалган экинчи тамактар жана жеңил тамактарды жашылча гарнири менен берүү сунушталат.

Осетр балыктары

осетр

белуга

стерлядь

Белуга, калуга, осетр, стерлядь, севрюга – бул осетр балыгынын тукуму, алардын кара икрасы деликатес болуп саналат. Осетр балыктарынан шорпо, килкилдек, бышырылган жана куурулган тамак, балык азыктарын, ошондой эле консервалар даярдалат. Ал эми визигасы – осетр балыктарынын жонунун тарамыштары – пирогдо, расстегайда өзөк үчүн пайдаланышат.

Лосось балыктары

лосось

чавыча

кета

кубулма форель

лосось балыктар тукумуна алыскы чыгыш лосось балыгы (кета, горбуша, чавыча, нерка, кижуч, сима) жана чыныгы лосось (семга, көл жана каспий лосостору, форель, нельма, сиг, ряпушка, белорыбица) кирет. Бул балыкты балык азыктарын, накта консерваларды даярдоо үчүн пайдаланышат. Лосось балыктарынын икрасы оңой сиңүүчү белокко, минералдык заттарга жана витаминдерге бай, пайдалуу тамак-аш азыгы катары жогору бааланат.

Сельдь балыктары

сельдь

сардина

тюлька

анчоус

Сельдь тукумундагы балыктар өтө майлуу (майлуулугу 20−33%) жана жагымдуу даам жана жытка ээ. Сельдь (атлантикалык, тынч океандык, ак деңиз, каспий), салака, килька, тюлька, сардина, сардинелланы туздаган же кууруган, ошондой эле муздак жеңил тамактарды даярдоодо пайдалануу жагымдуу.

Карп балыктары

сазан

күзгүдөй карп

карась

линь

Көп сандуу тукум карп балкытар тукуму болуп саналат, алардын көпчүлүгү тузсуз сууда жашашат: лещ, сазан, карась, линь, вобла, тарань, рыбец, толстолобик жана башкалар. Бул балыктын эти орточо майлуулукта, кууругандан кийин жумшак болуп калат. Ошондой эле бул балыкты быктырып бышырган жана фарштаган жагымдуу. Кемчилиги – булчуң ортосундагы сөөктөрүнүн көп болушу.

Окунь балыктары

окунь

судак

ерш

Окунь тукумундагы балыктардын эти ширелүү, майлуу эмес: окунь, судак, ершь. Бул тукумдагы балыктрды ухо, килкилдек, бышырылган, куурулган тамактарды даярдоо үчүн пайдаланышат, ал эми судакты фарштаган жагымдуу.

Треска балыктары

треска

пикша

минтай

хек

Треска, пикша, навага, сайда, минтай, путассу, хек –тузсуз сууда жашаган налимден тышкары, бардык треска тукумундагы балыктар деңиз балыктары болуп саналат. Эти ак, сөөгү аз, даамдуу, өзгөчө деңиз жыты бар, диеталык, бирок боорунда 70%га чейин май бар. Треска балыктарын балык филесин, консерваларды, ышталган жана кургатылган балык товарларын, боорунан деликатес консерваларды даярдоо үчүн пайдаланышат.

Камбала балыктары

камбала ерш

камбала тюрбо

индиялык палтус

көк кабыктуу палтус

камбала балык өстүрүү өндүрүшүнүн баалуу обьекти палтус болуп саналат, анын эти назик консистенцияга, жагымдуу жытка жана даамга ээ болот. Балык жөн гана даамдуу эмес, ал абдан пайдалуу, Омега-3 кычкылдыктарына бай, ал эми боору А витамининин курамы боюнча рекордсмен болуп саналат.

Скумбрия балыктары

тунец

ала-була тунец

скумбрия

ваху

скумбрия тукумундагы балыктар өзгөчө азыктуулуктагы баалуу деңиз балыктары болуп саналат. Сөөгү жок эти жумшак жана даамдуу скумбрия ашкана балыгы катары пайдаланылат. Аны консервалашат, ышташат, куурушат. Муздак ышталган скумбрия өзгөчө жогору бааланат. Тунец ак же ачык-кызгылт түстөгү даамы жагымдуу эти менен айырмаланат. Анда 26%г чейин белок, 12%га чейин май бар.

Чортон балыктар

чортон

Балык тузсуз сууда жашайт. Тазалаганда анын териси оңой алынат, ошондуктан чортон балыкты көбүнчө фарштоо үчүн пайдаланышат.

Сом балыктары

сом

Бышыруу, фритюрада кууруу, котлета даярдоо үчүн пайдаланышат.

Угорь балыктары

угорь

Ыштаган жагымдуу. Анын эти – жумшак жана тоюмдуу.