>

«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Көк чөп

Ар бир кожойкенин мыкты жасаган тамагы бар, анын сырын кожоейке катпайт, бирок айтпайт дагы. Көпчүлүк учурларда жандырмак көк чөптү туура пайдаланууда катылган. Эң даамдуу көк чөп – жаңы көк чөп: ал жыттуу, анда витаминдер көп, ал тамактын даамын түп тамырынан өзгөртүүгө жөндөмдүү. Бул табият тартуусунан жыл бою рахат алуу үчүн, көк чөптү тутам кылып кургатууну же алдын ала туурап алып тоңдурууну кеңеш кылышат. Тамакты даярдоонун соңунда ага көк чөп сээп койсок, тамак даамдуу жана жыттуу болот. Ошондой эле көк чөп тамактарды кооздоодо алмашкыс нерсе.

  • Прованс чөптөрү (herbes de Provense) жыттуу чөптөрдүн – көк чай чөп, тимьян, розмарин жана майоран аралашмасын түшүндүрөт. Кургатылган түрдө пайдаланылышы мүмкүн. Бул чөптөр гүлдестеси жок жер ортолук деңиз ашканасынын бир дагы тамагы, анын ичинде планетада кеңири жайылган – пицца дагы даярдалбайт. Эгер бул ингредиенттерди зайтун майы бар бөтөлкөгө салып койсок, салаттар үчүн мыкты чык алынат.
  • Ичке чөптөрдүн (fines herbes) классикалык композициясы эстрагондон, резанц пиязынан, петрушкадан жана кервелден турат. Ал жаңы майда тууралган вариантта гана пайдаланылат. Бул аралашма чүйгүн ашкананын синоними болуп калды, аны менен салаттарды, шорполорду, балыкты, тоок этин жана омлетти катыкташат. Аны тамакка даяр болуу алдында кошуу сунушталат.
  • Гарни базалык букетине (bouquet garni) кирет: лавр жалбырагы, петрушка, сельдерей, тмин жана калемпир. Чөптөрдү марли мүшөкчөгө салып, тамак даяр болгонго беш мүнөт калганда кайнап жаткан шорпого салынат. Дасторконго берүү алдында мүшөкчө алынып салынат. Ушундан кийин ал сүрөттөлгөн схема боюнча дагы бир-эки жолу пайдаланылышы мүмкүн.
Лавр жалбырагынын, майорандын, шалфейдин, дарылык көкөмерендин, ошондой эле розмариндин күчтүү жыты термикалык иштетүүдөн кийин ачылат. Лавр жалбырагы жок колбаса, тушенка, паштет, чык, маринад, сүрбыштак, майонез, кетчуп жасоо мүмкүн эмес. Дарылык мелиссанын, жалбыздын ар кандай түрлөрүнүн, лимон чөбүнүн, кинза жалбырактарынын сергитүүчү жыты азия ашканасында өзгөчө белгилүү. Жаңы түрүндө бул көк чөп чындап универсалдуу жана балык тамактарынан тартып чай жана компотко чейин пайдаланылат. Мисалы, кинзанын жалбырактарын байыркы римдиктер табитти козгоо үчүн колдонушкан. Петрушка, ашкөк, анис жана кервель назик көк чөптөрүн термикалык иштетүүгө алууга сунушталбайт – ал даамын жоготуп жибериши мүмкүн. Ал эми ар кандай салаттарды даярдоодо бул чөптөр алмашкыс. Алар балыктан жасалган тамактардын даамын жакшы ачышат.

лавр

жалбыз

ашкөк

майоран

мелисса

петрушка

шалфей

лимон чөбү

анис

көкөмерен

кинза

кервель

розмарин

көк чай чөп