>

«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Эт жана канаттуунун эти

Эт – адамдын байыркы тамак-аш азыктарынын бири. Эттин негизги баалуулугу бул белоктордун, майлардын жана көмүр суулардын гана эмес, бир катар амин кычкылдыктарынын, витаминдердин, минералдык заттардын алмашкыс жеткирүүчүсү болгонунда турат. Уйдун эти, чочконун эти жана койдун эти фосфор, калий, цинк, йод жана темирге бай. Канаттуунун эти B2, В6, В9, В12 витаминдерин камтыганы менен гана пайдалуу болбостон, ал диеталык азыктанууда маанилүү компонент болуп саналат. Эттин, өзгөчө уй этинин пайдасы – анын азыктуулугунда жана салыштырмалуу калориясынын төмөндүгүндө турат. Эттин пайдалуу касиеттери анын сапатынан гана эмес, аны даярдоо ыкмасынан көз каранды болот. Эт ар кандай азыктар менен жакшы айкалышат, ошондуктан жылуулук менен иштетүүнүн бардык түрлөрүн колдонуу менен, андан көптөгөн түрдүү тамактарды даярдоого болот.

Уйдун эти – ири мүйүздүү малдын эти. Мыкты даам жана азыктык касиеттерге жана укмуштуудай жытка ээ. Уйдун эти организмди белок, темир жана кеңири спектрдеги баалуу минералдык заттар менн камсыздайт. Бул салыштырмалуу катуу эт, ошондуктан жумшартуу жана тамак бышырууну тездетүү үчүн уксустан, сүттөн, өсүмдүк майынан жана жашылчалардан турган ар кандай маринаддарды пайдалануу сунушталат. Уйдун этин бышыруу убактысы көп жагынан эттин жаңылыгынан жана “жаштыгынан” көз каранды болот. Даамдуу жана ширелүү шорпо даярдоо үчүн, этти муздак сууга салып бышыруу керек. Эгер этте пайдалуу заттарды сактоо керек болсо, анда аны кайнап жаткан туздалган сууга салып жана 1,5 сааттан бышыруу керек.

Торпок эти – торпоктун, көбүнчө – букачалардын эти. Биринчи сорттогу торпок эти бозомтук өңү менен кызгылт түстө болушу керек. Майдын курамы төмөн болгондуктан аны өтө жогорку температурада жылуулук менен иштетүүгө алышат. Торпок эти оңой сиңүүчү аминкычкылдыктары жана минералдык заттар көп болгондуктан, эң пайдалуу эт болуп саналат. Бул диеталык эт деликатес болуп эсептелет.

Чочконун эти – үйдө багылган чочконун эти белокторго жана витаминдерге бай. Чочконун эти рагу, килкилдек, шницель, котлет, шишкебек даярдоодо пайдаланылат, ар кандай чийки ышталган азыктарга кайра иштетилет: окорока, бекон. Чочконун эти – колбаса даярдоо үчүн кеңир жайылган эт.

Кой эти – койдун эти. Эттин түсү ачык-кызыл түстө болушу керек: жаныбар канчалык чоң болсо, анын эти ошончолук күңүрт келет. Койдун этин өтө узак бышырууга болбой: этти бир аз чала кууруш керек – мындай жол менен ал өзүнүн ширелүүлүгүн жана жумшактыгын сактайт. Кой эти азия ашканасында кеңири колдонулат. Ал ачуу, ошондой эле таттуу чыктар менен мыкты айкалышат.

Тоок эти – тооктун эти – дүйнөдөгү эң диеталык дана кеңири жайылган канаттуу этинин түрү. Тооктун этинен ар кандай биринчи жана экинчи тамактар, муздак жана ысык жеңил тамактар, салаттар даярдалат. Ошондой эле тамакка тооктун боору, жүрөгү жана карынчасы пайдаланылат. Шорпо бышыруу үчүн карыган канаттуунун эти жарайт, шорпо майлуу жана жыттуу болот, ал эми кууруу, котлет даярдоо үчүн жаш канаттуунун этин пайдалануу керек: ал жумшак, назик жана жакшы куурулат.