>

«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Деңиз азыктары

Деңиз азыктары оңой сиңет жана узакка токтук сезимин тартуулайт – алардын дүйнөнүн көптөгөн ашканаларындагы белгилүүлүгү дал ушуну менен түшүндүрүлөт. Белоктордун курамы жогору жана калориясы төмөн болгондуктан алар өтө баалуу жана пайдалуу азык болуп саналат. Бардык деңиз азыктары өз ара, ошондой эле балык, күрүч жана камыр менен, көптөгөн жашылчалар жана да шампиньондор менен мыкты айкалышат. Даярдоо ыкмасынан көз карандысыз өтө тез даярдалат. Башкысы – таңгагынан чыгарбай туруп, муздаткычтын төмөнкү текчесине коюп туура эритүү керек.

Деңиз азыктары үчүн приборлор

Деңиз азыктары жана аларга карата приборлор эң кызыктуу, бирок татаал этикет катары эсептелет. Анткени атайын приборлор кандай көрүнө турганы эмес, алар эмнеге арналганы маанилүү.

креветкалар үчүн кайчы

Чоң креветкалардын чопкуту мизи тоголоктолгон кайчы менен кесилет.

омар үчүн айры

Омар (лобстер) үчүн айры эки учтан турат: бир учунда этти илип алуу үчүн илмек, экинчи учунда – шире сузула турган кашык жайгашкан.

устрица үчүн бычак

Мындай прибордун бир тарабы тегиз, экинчи тарабы – мизи ичкерип кеткен бир аз томпогой болот. Устрицаны кадимки бычак менен кесүүгө аракет кылбаңыз – бул бычактын сынып калышына же жаракатка алып келиши мүмкүн.

омар үчүн кыпчуурлар

Омар (лобстер), краб үчүн кыпчуурлар. Прибор менен чопкуту сындырылат, мында ичиндеги этти былчыйтып албоо керек.

деңиз азыктары үчүн айры

Креветкаларды, крабдарды жана рактарды жегенге пайдаланылат. Айрынын эки эле тиши болот.

устрица үчүн айры

Устрица айрысы үч тиш менен болот. Анын жардамы менн устрицанын жана мидийдин раковинасынан эти алынат.

Рак сыяктуулр

көк краб

камчатка крабы

омар (лобстер)

рак

лангуст

падыша креветкасы

жолборс креветка

деңиз трюфелдери

«Брондолгон деликатестер» деп аташат. Алардын жумшак тулкусу катуу чопкут менен капталган. Аларга краб, креветкалар, рактар, омарлар (ошол эле лобстерлер), деңиз трюфелдери (ошол эле деңиз өрдөктөрү), лангусттар жана лангустиндер кирет. Креветкалар жана рактар жайкы мезгилде даамдуу, күзүндө лангусттардын жана омарлардын, ал эми кышында – крабдардын сезону башталат.

Балырлар

вакаме

деңиз капустасы

нори

деңиз жүзүмү

Балырларды күрөң, кызыл жана жашыл деп бөлүүгө болот. Күрөң балырларга ламинария (ошондой эле анын түрлөрү: араме, комбу жана башкалар), хидзики, вакаме жана лиму кирет. Далс, порфиру (ошол эле нори), карраген жана родимения кызыл деп аталат. Жашыл балырлар – бул ульва (деңиз салаты), монострома (аонори), уми будо (деңиз жүзүмү) жана спирулина.

Моллюскалар

осьминог

кальмар

мидий

устрица

деңиз таракчалары

букцинум деңиз улиткалары

венус (венерка)

теллина ракушкалары

Үч түргө бөлүнөт: баш буттар, кош капкалуулар жана курсак буттуулар. Баш буттарга осьминогдор, кальмарлар жана каракатицалар кирет. Кош капкалуу моллюскалар — бул мидий, устрица жана деңиз таракчалары. Деңиз курсак буттуу молюскалардын ичинен рапандарды жана улиткаларды белгилөөгө болот.

Ийне терилүүлөр

деңиз кирписи

деңиз бадыраңы

деңиз жылдызы

Бул түргө деңиз кирпилери, голотурий (деңиз бадыраңы, трепанг деп дагы аталат) жана жылдыздар, аларды япондор сушиде өзөк катары пайдаланышат. Деңиз кирписинин өзү желбейт, ал эми тамакка анын икрасы гана пайдаланылат.