>

«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Курчутмалар

Курчутмалар – бул тамакка татымал катары кошула турган, кургатылган жана негизинен күлмайда кылып майдаланган уруктар. Жемиштер, тамырлар, кабыктар же өсүмдүк заттары. Курчутмаларды алар даярдалган өсүмдүктүн бөлүгү боюнча жиктешет. Заманбап кулинарияда курчутмалардын негизги максаты – бул даярдалган тамак-аш азыктарынын жана даяр тамактын даам жана жыт сапаттарын жакшыртуу.

Жыттуу өсүмдүктөрдүн жалбырактары жана/же сабактары

базилик

«падыша чөп» деп аташат, тамакта анын касиеттери акырындык менен пайда болот – алгач ал ачуу даам, кийин таттуу кошумча даам берет. Шорподо, төө буурчактан, көк буурчактан, буурчактардан, помидор, шпинат, ачытылган капустадан жасалган жашылча тамактарында, ошондой эле эт жана балык тамактарында пайдаланылат.

розмарин

чыктарга жана шорполорго кошулат, ал эми сүрбыштактан жасалган тамактарга өзгөчө ылайык келет. Куурулган эт менен гана эмес, козу карындар, жумуртка жана ар кандай жашылчалар менен мыкты айкалышат.

эстрагон

тооктун этине, чочконун этине, жумуртка жана каймак тамактарына ылайыктуу. Жаңы жалбырактары маринад үчүн колдонулат. Эгер тамакка бир аз лимон ширесин чачып койсо, эстрагон жаңы чөбүнүн даамы жана жыты даана билинет.

тимьян

жалбырактуу салаттар, эттен, балыктан жана көпчүлүк жашылчалардан жасалган быктырып бышырылган тамактар, илбээсин этинен жана канаттуунун этинен, колбасадан жслаган тамактар үчүн пайдаланылат. Аны шорпого жана туздуктарга, быштак жана акшак азыктарына, жумуртка тамактарына, сүрбыштакты даярдодоо, чайды жана башка суусундуктарга жыт берүү үчүн чогуу кошушат.

корица

бир катар таттууларды, шоколад жана ликер даярдоодо пайдаланылат. Ал эми Жакынкы Чыгыштын ашканасында ал тоок этинен же кой этинен жасалган ачуу тамактарга колдонулат. Ошондой эле корицаны консервалоодо колдонушат.

орегано

(көк чай чөп) жагымдуу, назик жыты жана жыттуу, ачуу даамы менен мүнөздөлөт. Жер ортолук деңизинин ашканаларында кеңири жайылган, ал эми италия тамактарын анын мүнөздүү жыты жок элестетүү мүмкүн эмес.

шалфей

өзүнүн күчтүү, бирок назик жыты менен белгилүү, ал башка жыттарды тосот. Сарымсак жана калемпир менен жакшы айкалышат.

шафран

күчтүү өзгөчө жытка, ачуу-жыттуу даамга ээ. Аны күрүчтөн жасалган тамактарга, тунук шорполорго кошушат, ошондой эле фаршталган жана бышырылган балыкты, ухо, козунун, койдун этинен, түстүү капустадан тамактарды даярдоодо пайдаланышат.

лаванда

күчтүү ачык байкалган жытка ээ, ошондуктан көбүнчө аны алкоголсуз суусундуктарга жана уксуска жыт чогуу берүү үчүн колдонушат. Лаванданы күлмайда кылып майдалап, салаттарга, муздак жеңил тамактарга, шорполорго же куурдакка кошушат. Ошондой эле аны чөп чайлар үчүн ингредиент катары пайдаланышат.

Бышкан жемиштер же өсүмдүктөрдүн уруктары

калемпир аралашмасы

дүйнөдөгү кеңири жайылган татымалдардын бири. Кулинарияда кара, ак, кызгылт, жашыл жана жыттуу мурч колдонулат. Калемпирдин бир нече түрү бир эле өсүмдүктүн мөмөсү болуп саналат. Буурчактарынын даам сапаты жана түсү аларды бышуунун кайсы фазасында жыйнаганынан жана кандай жол менен иштеткенинен көз каранды болот.

чили калемпири

жаңы түрдө пайдаланылышы мүмкүн, мында негизги ачуулугу уруктарында жана жаргактарында экенин эске алуу керек. Майдаланган калемпирди чыктарга, салат үчүн чыктарга, кефирге жана простоквашага, шорпого жана быктырып бышырган тамактарга, маринадга кошушат. Бүтүн калемпирди борщко жана шорпого – даяр тамакка эмес, бышыруу убагында салышат!

мускат жаңгагы

дээрлик бардык тамактарды: салаттарды, үйдө даярдалган жана өнөр жайлык колбасаларды, консерваларды, эттен жана балыктан жасалган тамактарды, маринаддарды, таттууларды, нан түрлөрүн, чайды, кофени даярдоодо кеңири пайдаланылат. Майдаланган мускат тамакка назик, жыттуу таттуу даам жана жыт берет.

тмин

бир аз ачуу даамга жана күчтүү жыттуу жытка ээ. Табити ойготуу жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу жөндөмдүүлүгүнүн аркасында тминди салт болгондой майлуу эт тамактарына салышат, ошондой эле буурчактар, сүрбыштак, колбаса, капуста менен айкалыштырышат. Бул жыттуу чөп нан түрлөрүн бышырууда кеңири пайдаланылат.

кардамон

өтө ачуу, жыттуу, ысытуучу курчутма. Европа ашканасында скандинавдарда, ал эми Чыгышта – Индияда белгилүү. Ал камырдан жасалган азыктарга, жемиштерден жасалган тамактарга жана компотко кайталангыс даам жана жыт тартуулайт. Курчутма шорпого жана чыктарга, балыктан, канаттуунун этинен жана эттен жасалган тамактарга кошулат.

анис

таттуу даамы, сергитүүчү жана жагымдуу жыты менен мүнөздөлөт. Кулинарияда жаңы жалбырактары дагы, мөмөлөрү дагы пайдаланылат. Анис эттен, балыктан жасалган тамактардын, шорпонун жана рагунун даамын жакшыртат. Жыттуу чөп нан түрлөрүндө, таттууларда жана коктейлдерде, ошондой эле алкоголдук суусундуктарды: анис арагын (анисовка), абсент, самбуки, түрк ракиси жана башкаларды өндүрүүдө пайдаланылат.

Өсүмдүктөрдүн тамыры жана пияз

сарымсак

жаңы гана эмес, кургатылган түрдө дагы пайдаланууга болот. Көптөгөн жыттуу курчутмалардын курамына кирген майдаланган сарымсак күлмайдасы өтө белгилүү.

имбирь

таттуу жана даамдаганда ачуу курчутма, ал табитти ойготот. Жаңы имбирь жыттуу, кургатылган имбирь – ачуу. Ошондой эле имбирдин спирт экстракты кездешет. Курчутманы таттуу тамактарга жана суусундуктарга кошушат, ал карри татымалынын курамына кирет.

кургатылган пияз

кесилген же майдаланган түрдө болушу мүмкүн. Кулинарияда аны суусундуктардан жана кондитер азыктарынан тышкары, дээрлик бардык тамактарга пайдаланышат. Кургатуу үчүн ачуу сорттогу баш пияздар гана жарайт.