«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Америка панкейктери

Америка панкейктери

Таң эрте күнү бою күч-кубаттуу жүрүү үчүн, өзүңдү бир нерсе менен эркелеткиң келет. Кофе кайнап жатканда, жумуртканын сарысын сүт менен аралаштырабыз жана көпшөк панкейктерди бышырабыз! Даамдуу, назик – алар жаңы күндүн мыкты башталышы болот.

4
Порциялар
20
Мүнөт
4 Порциялар
20 Мүнөт

Ингредиенттер:

  • 300 г ун
  • 200 мл сүт
  • 3 жумуртка
  • 3 аш кашык кант
  • 3 аш кашык «Шедевр» өсүмдүк майы
  • 1 ч. к. көптүргүч
  • 1/4 ч. к. туз

Даярдоо ыкмасы:

Жумуртканын агын сарысынан бөлөбүз, миксердин жардамы менен агынан көбүк чалабыз. Өзүнчө табакка сүт куябыз, жумуртканын сарысын, кантты, туз кошобуз жана миксердин жардамы менен жакшылап чалабыз, көптүргүч менен унду салабыз, май кошобуз, миксер менен чалууну улантабыз. Андан кийин чалынган жумуртканын агын кошобуз, күрөкчөнүн жардамы менен кылдат аралаштырабыз.

Жакшы ысытылган күйүүгө каршы табада майы жок ар бир тарабын 1 мүнөттөн бышырабыз.

На заметку

Панкейктерди бөтөнсчө жасоого болот – камырга тамак-аш боегун кошуңуз, сиз түстүү панкейктерге ээ болосуз, алар балдарга сөзсз жагат. Бир нече түстү пайдаланыңыз жана сиздин дасторкондо кооз жегиликтүү күн желеси пайда болот.