«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Классикалык бисквит

Классикалык бисквит

Классикалык бисквит баарыбызга белгилүү, бирок кээде жаңы түс бергиң келет. Ушундай жол менен джем же кара шоколад сиңирилген, жеңил, көпшөк бискивиттин рецепти жаралат.

4-6
Порциялар
40
Мүнөт
4-6 Порциялар
40 Мүнөт

Ингредиенттер:

  • 200 г кант
  • 150 г ун
  • 6 жумуртка
  • Туз татымга жараша
  • Шоколад сиробу же джем

Даярдоо ыкмасы:

Жумуртканын агын сарыдан бөлөбүз, агы муздаткычка салабыз. Сарысын кант кошуп миксердин жардамы менен чалабыз. Өзүнчө табакта муздатылган агын жана тузду бийик көбүк абалына чейин чалабыз, жумуртканын агы идишти оодарганда акпашы керек. Агын сарысына кошобуз, акырын күрөкчө менен төмөндөн жогору карай аралаштырабыз. Акырындык менен ун салабыз, жакшылап аралаштырабыз. Камыр өтө суюк болбошу керек, болбосо ал бышпай калат, же коюу болбошу керек – консистенциясы боюнча ал дүкөндүн коюу каймагын эске салышы керек.

Даяр болгон камырды дароо пергамент кагазы салынган формага куябыз. Форманы жылуу, бирок ысык эмес духовкага салабыз. 180°С температурада 30-40 мүнөт бышырабыз.

Муздаган коржду узунунан курч бычак менен эки бөлүккө кесебиз жана шоколад сиробун же джем шыбайбыз.

Полезный совет

Бисквит тегиз жана кооз болушу үчүн, аны духовкага салуудан мурун камырга тегиз 10-15 жыгач таякча сайып коюңуз. Даяр болгончо духовканын эшигин ачпаңыз, ошондо идеалдуу формадагы бисквитти аласыз!