«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Кара моюл менен себет

Кара моюл менен себет

Каймактуу крем жана жемиш өзөгү толтурулган үбөлөнмө себеттер – даамдын жана түстүн анык шйкештиги. Бул таттуунун жана кычкылдын, күңүрттүн жана ачык түстүн биригүүсү даамдардын каршылыгына эмес, шайкеш даамдуу дуэтке айланат.

8-10
Порциялар
30
Мүнөт
8-10 Порциялар
30 Мүнөт

Ингредиенттер:

  • 500 г үбөлөнмө камыр
  • 500 г кара моюл
  • 200 г каймак
  • 2 жумуртка
  • 2 аш кашык кант
  • 2 аш кашык картошка крахмалы
  • 1/2 ч. к. ваниль эссенциясы
  • Куюу үчүн желе
  • Форма үчүн «Шедевр» өсүмдүк майы

Даярдоо ыкмасы:

Каймактуу өзөк үчүн: каймакты жумуртка, кант, крахмал жана ваниль эссенциясы менен чалабыз.

Форманы майлап, ага камырды тегиздеп салабыз жана духовкада 190 °Ста 10 мүнөт бышырабыз. Духовкадан чыгарып, ар бир себетти каймактуу өзөк менен толтурабыз жана духовкага 200°Ста дагы 10-12 мүнөт салабыз.

Даяр болгон себеттерге кара моюлду салабыз жана жука кат кылып таңгактагы көрсөтмөгө ылайык даярдалган тунук желени куябыз.

Кладовая здоровья

Кара моюл адамдын органимзине жагымдуу таасир тийгизет, анын курамында көп өлчөмдө антиоксиданттар бар. Бул мөмөнү пайдалануу көздүн жакшы көрүүсүнө жана узакка жаш бойдон калууга жардам берет.