«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Алмурут менен оладья

Алмурут менен оладья

Орус ашканасында оладья XVI кылымдан бери ардактуу орунду ээлеп келет жана ошол мезгилдеги кулинарлар конокторду таң калтыруу жана кубандыруу үчүн, бул тамактын даамын түрдүү кылууга умтулушкан. Сиздин дасторконго биз кадимки эмес, алмурут жана корица менен оригиналдуу оладьяны сунуштайбыз.

4
Порциялар
20
Мүнөт
4 Порциялар
20 Мүнөт

Ингредиенттер:

  • 250 мл кефир
  • 2 алмурут
  • 1 жумуртка
  • 6 аш кашык ун
  • 1 аш кашык кант
  • 1/4 ч. к. сода жана майдаланган корица
  • Туз татымга жараша
  • Кууруу үчүн «Шедевр» өсүмдүк майы
  • Чогуу берүү үчүн алмурут кыямы

Даярдоо ыкмасы:

Жумуртканы кант жана туз менен бир мүнөттөй чалабыз. Алдын ала сода жана корица менен аралаштырылган унду кошобуз, кефир куябыз, бирдей түрдөгү суюк каймак абалына чейин жеткиребиз, камырга майда туурагычтан өткөрүлгөн алмурутту кошобуз.

Ысытылган майланган табага кашык менен оладьяны салабыз. Орточо отто ар бир тарабын 3-5 мүнөттөн кызарган кабык пайда болгонго чейин куурабыз.

Оладьяны алмурут кыямын куюп ысык бойдон беребиз.

Интересный факт

XVI кылымга чейин алмурутту чийки түрүндө жегенге болбойт деп эсептешкен, аларды пайдалануу алдында сөзсүз бышыруу керек болгон. XVI кылымдан кийин гана Италияда жана Францияда алардын оригиналдуу даамын баалашкан жана баштапкы түрүндө жеп башташкан.