«Даамдуунун баары оңой» – кээде бала кезден белгилүү рецепттерде жаңы даамдар жана кулинарияга болгон жаңы мамиле катылган. Болгону туура чыкты тандап кошуу керек.

Мейиз жана жаңгак менен быштак печеньеси

Мейиз жана жаңгак менен быштак печеньеси

Көргөнгө жакшы кино даяр, көптөн күткөн кеч дагы келет, бирок бир нерсе жетишпегендей? Жөнөкөй жана тез бышуучу даамдуу печеньенин рецептин сунуштайбыз. Чай, сүт же компот менен ал убакыт өткөрүүнү көрккө бөлөйт.

4
Порциялар
30
Мүнөт
4 Порциялар
30 Мүнөт

Ингредиенттер:

  • 200 г быштак
  • 200 г буудай уну
  • 100 г кант
  • 1 жумуртка
  • 1 ч. к. көптүргүч
  • Мейиз жана жаңгак татымга жараша
  • 100 г «3 желания» маргарини

Даярдоо ыкмасы:

Маргаринди суу мончосунда эритебиз жана аны кант менен аралаштырабыз. Быштак жана жумуртка кошуп, аралаштырабыз.

Бул аралашманы ун жана көптүргүч менен аралаштырабыз, мейиз жана жаңгак себебиз. Камыр жуурабыз.

Табага наабай кагазын салабыз, чай кашык менен камырдын порцияларын салабыз, аларды тегерк кылууга аракет кылабыз. Духовкада 200°С температурада 15-20 мүнөт бышырабыз.